Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон мындай чакырыкты ишембинин кечинде Ташкентте өзбек президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөр учурунда жасаган. Клинтон Ташкенге АКШ Өзбекстанга жардам көргөзүүгө, анын ичинде аскерий жардам көргөзүүгө мындан жети жыл мурда киргизилген чектөөнү быйыл сентябрда жойгондон кийин келген америкалык расмий өкүлдөрдүн эң жогоркусу болду. Чектөө Өзбекстанда адам укуктары бузулганына байланыштуу киргизилген.
Батыш маалымат агенттиктери америкалык расмий өкүлгө шилтеме жасап кабарлашкандай, АКШ Мамкатчысы менен сүйлөшүүлөр учурунда президент Каримов либералдаштыруу жана демократиялык реформалар жаатында прогресс жасоону убада кылып, мындай прогресс анын бийлигинин “мурасы” катары каралышын кааларын айткан.
Бирок Өзбекстандын өкмөттүк маалымат каражаттары Клинтондун бүгүн аяктап жаткан визитине арналган маалыматтарында, адам укуктары маселесин эскербестен, АКШ Мамкатчысынын кызматташтык тууралуу айткандарына гана басым жасашты.
Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Клинтон Каримовго Өзбекстандын Ооганстандагы жаңжалга тартылган АКШ аскерлерин колдоого жардамдашып жатканына ыраазычылык да билдирген.
АКШ Мамлекеттик катчысы Өзбекстанга Тажикстандан барды. Душанбеде токтогон учурунда Клинтон диний эркиндиктин чектелишине макул эместигин айтып, чектөөлөр диний ишенимди мыйзамдуу билдирүүнү көмүскөгө түртүп, исламчыл экстремизмге көмөктөшүүсү мүмкүндүгүн белгиледи.