Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Клинтон айым Ташкенде адам укугуна көңүл бурду


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон жекшемби күнү Ташкендеги сапарын аяктады. Ал ишемби күнү президент Каримов менен кездешкенде: “Бизди диний эркиндиктин абалы, адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр, демократиялык реформанын зарылдыгы, адам аткезчилиги, адамдарды мажбурлап иштетүү тынчсыздантат”,-деп, бул маселелерде прогресс зарыл экенине көңүл бурганын Мамдепартамент билдирди. Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жана өкмөтчүл “Olam.uz” сайты болсо жолугушуу жөнүндөгү кабарында адам укугу тууралуу ооз ачпастан, Өзбекстан региондогу коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо маанилүү роль ойногонун жазышты. Ошондой эле Клинтон айым Өзбекстандын “Ооган проблемасын жөнгө салууга көмөктөшүп, Ооганстанды калыбына келтирүүгө социалдык-экономикалык жактан берип жаткан жардамы үчүн” Каримовго алкыш айтканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG