Бул тууралуу Кызыл-Токой айылынын башчысы Мирлан Мырзаев “Азаттыкка” билдирди. Кытайлык “Фулл Голд Майниг” компаниясы Жалал-Абаддын Ала-Бука жана Чаткал райондору чектешкен тоолордо Иштамберди алтын кенин казып жатат. Аталган айылдын тургундары кытайлык компания кен казууда уулуу заттарды колдонуп, сууну булгап жатканына нааразы болуп келишет. Жергиликтүү эл таза суу чыгарып берүүнү, оор унаалардын айынан бузулган жолдорду оңдоону жана алтын казууда цианидди колдонууну токтотууну талап кылып, август айында жол бөгөшкөн болчу. Компания оболу таза суу чагырып берүүгө макул болгон.
Иштамбердиде 80 тоннадан ашуун алтындын, дагы ушунча күмүштүн запасы бар деп айтылууда. “Фулл Голд Майнинг” кенди 2005-жылдан тарта казып жатат. (EBM)
Иштамбердиде 80 тоннадан ашуун алтындын, дагы ушунча күмүштүн запасы бар деп айтылууда. “Фулл Голд Майнинг” кенди 2005-жылдан тарта казып жатат. (EBM)