Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы шайлоо алдындагы кырдаал боюнча байкоосун жарыялайт. Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” үгүт өнөктүгү маалында тогуз кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Учурда шайлоо бюллетендерин облустарга жана чет мамлекеттерге жеткирүү иштери дээрлик аяктап калды. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Кыргызстанда президенттик шайлоо ушул жекшембиде, 30-октябрда өтөт. Жарышка 19 талапкер катышууда. (EBM)