23-октябрда Түркиянын чыгышында болгон жер тербетүүдө 200дөн көп киши набыт болду. Түркиянын ички иштер министри Идрис Наим Сахимдин билдиришинче, зилзаладан Эржиш шаарында 117, Ван шаарында 100 адам курман болду. кеминде 1090 адам жарадар болгон. Эржиште жашаган улуупамирлик Шыван ажы аялы жана кызы менен уранды астында калып каза тапканын Түрк радиосунун кабарчысы Алмазбек Асанбаев “Азаттыкка” түз эфирде берген интервьюда айтты.
7, 2 баллдык зилзаладан кийин жер дагы 70тен көп жолу силкинген.
НАТО, Кытай, Жапония, АКШ, Азербайжан жана Европа өлкөлөрү Түркияга жардам сунуш кылды.
1999-жылы Түркияда болгон эки жер тербетүү 20 миңдей адамдын өмүрүн алган. Ал эми 1976-жылы Ван провинциясынын Чалдыран шаарында жер силкип, 5 миңден көп адам курман болгон.