Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Жалал-Абадда шайлоого чейин добуш берүүнү каалагандар боло элек


Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына 35 миң даана шайлоо бюллетени келип түштү. Бирок шаардагы шайлоо участкалары менен ыкчам топтордун мүчөлөрүнүн иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн аптада  бир жарым миң шаардын тургуну менен шаарда батирлерде жашаган үч жарым миңден ашуун адамдан шайлоо тизмелерине кошуу тууралу арыздар түшкөн. Демек, дагы 5 миңден ашуун  бюллетен керек болот, ал  үчүн БШКга кайрылуу жасалат. 21-октябрдан  тартып,  мөөнөтүнөн мурда добуш берүү иши башталганы менен  23-октябрга дейре  эртелеп добуш берүү тууралу эч кимден арыз  түшкөн жок. Мындай маалымат Жалал-Абад шаардык-аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Майрамбек Адылбековдон  алынды. Анын айтымында, шаарда  добуш берүүчү участкалык 25 шайлоо участогу ачылган. (YA)

 

XS
SM
MD
LG