Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Түркияда каза болгондордун арасында кыргыздар да бар


Эржиш районунда кечээки жер титирөөдө жарандыгы түрк 4 кыргыз каза болгону кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиядагы журналист Нурланбек Карыпбай уулу билдирди. Анын айтымында, ага чейин аталган кишилерди үй басып калды деп айтылып жаткан.

"Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун жалпы саны 227 адамга жетти, 350 адам жаракат алгандар. 23-октябрда Түркия убактысы боюнча түшкө маал Түркиянын чыгыш жагында, Ван көлүнүн жанында катуу жер титирөө болду. Алгач жердин силкинүү күчү 7,2 балл деп айтылганы менен, соңку маалыматтар боюнча 9 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Ван шаарынан 70 чакырым алыс жайгашкан Эржиш районунда болгон. Эржиштен 25 чакырым алыстыкта Ооганстандан келген кыргыздар отурукташкан", - деди Нурланбек Карыпбай уулу.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө жапа чеккен кыргыздар же кыргызстандыктар барбы, жокпу, азырынча расмий билдирүү жасай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG