Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Ошурахунова: Оштогу маалелерде тынчсыздануу бар


Оштогу маалелерде шайлоо алдында коопсуздук боюнча тынчсыздангандар бар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Ал эми жалпы республика боюнча абал тынч экени жана үгүт иштеринде одоно мыйзам бузуулар катталбаганы айтылды. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо үчүн үймө-үй кыдыруу учурунда көпчүлүк жарандар паспорттору, социалдык камсыздандыруу карталарынын жоктугунан улам тизмеге кирбей калышканы да маалымдалды. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG