Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Ташиевди каралаган баракчалар таратылганы айтылууда


Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевди каралаган баракчалар ушул түнү Кочкор-Ата шаарында таратылганын "Азаттыкка" талапкердин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов кабарлады. Анын айтымында, "КТРКнын эфириндеги теледебаттан кийин Ташиев Атамбаевге жашыруун жолугушуп, 5 миллион доллар алып, сатылып кетти" деп жазылган баракчалар Ноокатта, Ноокенде, Ысык-Көлдө да таратылганы маалым болду. Анаркулов таратылган маалыматты толук төгүндөдү. Өкүл ошондой эле жалган маалыматты териштирүүнү сураган арызды Кочкор-Ата шаардык милициясы кабыл албай койду деп билдирди. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев Кочкор-Ата милициясына Ташиевдин өкүлдөрүнөн эч кандай арыз келип түшкөн жок деп билдирди "Азаттыкка". Маалымат түшпөгөндүгүн Ноокен райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Махаматжунус Токторалиев да айтты.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда ушу жекшембиде болот. Талапкерлердин саны 19. (RK)

XS
SM
MD
LG