Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Жаштар бийликти жаңылантуу ишин башташты


Жаштардын “Кебел” саясий клубу “Бийликти жаңылантуу” деп аталган акция баштап жатат. Бул тууралуу аталган клубдун мүчөсү Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди. “Кыргызстан 20-20” деген стратегия жазылууда. Анын демилгечилери ар бир облусту кыдырышты. Стратегияны ишке ашыруу үчүн жаштар акцияларды өткөрүшөт. Абдылдаеванын айтымында, кол топтоо жүргүзүлөт, атайын тизме түзүлөт:

“20 жылдын ичинде мамлекетти ушундай деңгээлге алып келген саясатчылардын тизмесин түзөлү деп жатабыз. Анан ошол саясатчыларды бийликке жолотпошубуз керек. Ошондо гана мамлекет өзгөрөт деп ойлойбуз. Жаңы муундагы саясатчылар, жаңы адамдар жаңы ой менен келиш керек. 30 миң кол топтосоң мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.”, - дейт Абдылдаева. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG