Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровдун сотунда бүгүн 24 күбө көрсөтмө берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, соттун кийинки отуруму 27-октябрда болот.
Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июнь коогалаңын уюштурууга тиешеси болгон деп соттолуп жатышат. Издөөдө жүргөн соттолуучулар өзүлөрүн күнөөлү эмес экенин айтып келишет. 300 күбө жана 60 жабырлануучу катышкан кылмыш ишин Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Токтосун Жоробеков карап жатат. Июнь коогалаңында 400дөн ашуун адам набыт болгон. (RK)