Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого карата 442 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Боршайкомдон маалымдашты. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулар да көз салышат. Алар негизинен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү. 19 талапкер Кыргызстандын президенти болууга ат салышууда. (RK)