Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Байкөлдү коргоочулар нааразылыкка чыкты


Орусиянын Иркутск шаарында 100дөн ашык активист бийликтеги "Бириккен Россия" партиясынан жана жергиликтүү бийликтерден жаратылышка залал келтирген өнүктүрүү долбоорлорун токтотууну талап кылышты. "Азаттыктын" орус кызматы билдиргендей, кечээки акциянын катышуучулары «Эмне үчүн байлык топтоо укугу таза сууга жана жашоого болгон укуктан жогору турат?» - деген суроолор жазылган жарнактарды көтөрүп турушту. Активисттерди Байкалдын же Байкөлдүн боюнда кагаз жасоочу ишкананын кайра ачылышы жана жаңы үйлөрдү сала турган фирма дарактарды кыйып жаткан Кай токоюнун тагдыры тынчсыздандырууда. "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлдөрү бул көйгөйлөрдүн баары чечилет деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG