Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Пакистан: Мурдакы канайым Нусрат Бхутто акыркы сапарга узатылды


Кечээ Пакистандын мурдакы канайымы Нусрат Бхутто Синх провинциясындагы үй-бүлөлүк саганада жайга берилди. Тажияга президент Асиф Али Зардари башындагы миңдеген адамдар чогулду. Нусрат айым о дүйнө салганга байланыштуу Пакистанда 10 күн ырасмий түрдө аза күтүүдө. Нусрат айым 1979-жылы өкмөттүк төңкөрүштө бийликтен кулатылып, даргага асылган президент Зулфикар Бхуттонун жубайы. Алардын кызы, экс-премьер-министр Беназир Бхутто (азыркы президент Асиф али Зардаринин зайыбы) 2007-жылы кол салууда курман болгон.

Нусрат айым эки жолу Пакистан парламентине депутат болуп шайланган жана 1980-жылдардын башына чейин Пакистан элдик партиясын жетектеп, кийин төрагалыкты кызы Беназирге өткөрүп берген.

82 жаштагы Нусрат Бхутто жекшемби күнү Дубайда көз жумган.

XS
SM
MD
LG