Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Кениянын борборунда граната чабуулу болду

Өткөн түнү Кениянын байтакты Найробиде болгон граната чабуулунда 1 киши курман болуп, кеминде 20 киши жараат алды. Биринчи граната ресторанда, экинчиси автобус бекетинде жарылганы маалымдалды. Эки күн илгери Кения өкмөтү коңшулаш Сомалиге исламчыл ас-Сахаб тобунун согнушчандарын жок кылуу үчүн аскер жөнөткөнгө байланыштуу өлкөдө түрдүү террордук кол салуулар болорун эскерткен. Кения өкмөтү козголоңчуларды чек арадагы адам уурдоолорду уюштурууда деп айыптаган. Ал эми “ас-Сахаб” айыптоону четке каккан.
XS
SM
MD
LG