Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Тунистеги шайлоодо "ан-Нахда" жеңди

Тунистин негизги исламчыл партиясы - “ан-Нахда” жекшемби күнү болгон биринчи эркин шайлоодо 30 проценттен ашык добуш алганын жарыя кылды. Бул сегиз ай мурда президент Зине ал-Абидин бен Али кулатылгандан кийинки биринчи саясый өнөктүк болду. Жалпы элдик шайлоонун ырасмий жыйынтыгы бүгүн кечке жарыяланууга тийиш. Бирок алдын ала эсептөөлөр “ан-Нахда” жеңгенин тастыктоодо. Дүниябий Элдик-демократиялык партия негизги атаандашы “ан-Нахдага” уттурганын мойнуна алды. Ырасмий маалыматка жараша, катталган шайлоочулардын 90 проценттен көбү добуш берүүгө катышкан. Жаңы парламент Тунистин жаңы конституциясын жазып, өткөөл өкмөттү дайындашы абзел.
​
XS
SM
MD
LG