Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

АКШ Дамаскиден, Сирия Вашингтондон элчилерин чакырып алды


Кошмо Штаттар Сириядагы элчисинин “өмүрүнө олуттуу коркунуч болгон үчүн” өлкөдөн чыгарып кеткенин маалымдады. Элчи Роберт Фордтун Сирияга кайтуусу “коопсуздук жагдайына жараша болорун” Мамдепартаменттин өкүлү Марк Тонер билдирди. Буга жооп ирети Сирия Вашингтондогу элчисин масилээтке чакырып алды. Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы эл козголгондон бери өкмөттүк күчтөрдүн аракетинен 3 миңден ашуун адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG