Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Түркия жер титирөөнүн кесепетине каршы күрөшүүдө


Жекшемби күнкү Түркиянын чыгышындагы тоолуу аймакта болгон 7, 2 балдык жер тербетүүнүн кесепетинен улам миңдеген адамдар түндү чатырларда өткөрдү. Соңку ырасмий маалымат боюнча, апаат 279 кишинин өмүрүн алды, 1300дөй адамды жарадар кылды, жүздөгөн адамдардын тагдыры бейдарек. Түркиянын Иранга чектеш Ван жана Эржиш шаарларында кыйраган жүздөгөн имараттардын астында калган адамдар изделүүдө. Өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 24-октябрда сүйлөп: “Түркия зарыл болсо тыш мамлекеттерден жардам сурайт. Азербайжан, Иран жана Болгариядан келген куткаруучулар командасы кырсык болгон аймакта иштешүүдө,” - деди.

XS
SM
MD
LG