Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Президент Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнүн колдойт


24-октябрды Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнү деп жарыялоо туурасында демилгени президент Роза Отунбаева колдойт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

“4 жыл мурун, 24-октябрда, Ош шаарында журналист Алишер Саипов, ал эми 2009-жылдын декабрында Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн. Катуу сабалып, өмүрүнө кол салынгандан кийин 2009-жылы Сыргак Абдылдаев өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бул адамдар Кыргызстанда сөз эркиндигинин калыптанышы жана бекемделиши үчүн зор салым кошушту. 24-октябрды сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнү катары жарыялап эле тим болбостон, аны конкреттүү мазмун, маалыматты эркин алып, таратууга болгон укукту бекемдөө боюнча демилгелер менен толтурушубуз керек”, - деди президент.

Кыргызстандын бир катар журналисттик жана коомдук уюмдары бийликке ачык кайрылуу жолдоп, журналисттердин коопсуздугу, аларга болгон кол салуулардын бети ачылбай жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Ошондой эле кайрылууда журналист Саиповдун өлтүрүлгөн күнү – 24-октябрды Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнү деп жарыялоо демилгеси айтылган. Саиповду өлтүргөндөр кармала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG