Кыргызстанда эт-сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалардын устүнөн көзөмөлдү күчөтүү керек, бул боюнча атайын нормалар иштелип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты, санитар-эпидемиолог Талантбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, "мисалы, колбаса чыгаруучу цехтерге эмненин, кандай эти кирип жатат, кандай жасалып жатат, эч кандай көзөмөл жок".
Азыр колдонулуп жаткан укуктук-ченемдик актылар боюнча мамлекет андай ишканаларды жылына бир гана жолу, 10 күн мурда айтып гана барып текшере алат. Адистердин айтымында, мындай шартта санитардык абал ошол текшерүү болгон күнгө гана күчөтүлүп, андан кийин бир жыл бою эмне болуп жатканы белгисиз бойдон калууда. (ZKo/RK)