Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Отунбаева: Парламент “Бешинчи каналга” кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат


“Мен парламент “Бешинчи каналга” кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп эсептейм”, - деди “Биринчи радиого” курган маегинде президент Роза Отунбаева.

Президенттин айтымында, “канткен менен мамлекеттик мүлк министрлиги да бул телеканалды парламентке жөн эле өткөрүп бере албайт”. Бул үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот. Андан тышкары, телеканалдын чыгармачыл жамаатынын да позициясы эске алынбай жатат деп эсептейт мамлекет башчысы.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш президенттин каршы пикирине карабай “Бешинчи каналды” парламенттик каналга айландыруу боюнча мыйзамды кабыл алган. Былтыркы апрель окуяларынан кийин аталган телеканал мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык схемасынын бир бөлүгү болгон деген аныктама менен улутташтырылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG