Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Журналисттер Бишкекте Саипов менен Павлюкту эскеришет


Бүгүн саат экиден үчкө чейин Бишкектеги Геннадий Павлюктун эстелигинин алдында маркум журналисттер Алишер Саипов менен Геннадий Павлюкту эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Александр Кулинский билдирди. Ал бардык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн эстеликтин жанына келип, от жандырып, гүл коюуга, кесиптештерин эскерүүгө чакырды.

Алишер Саиповду 2007-жылы белгисиз бирөөлөр Ошто атып кетишкен. Күнөөлүүлөр кармала элек. Геннадий Павлюкту 2009-жылы буту-колун тушап Алматыда көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен. Күнөөлүүлөр сот жазасына тартылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG