Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Шайлоого карата түрмөлөрдө күзөт күчөтүлдү


Президенттик шайлоого карата Кыргызстандын түрмөлөрүндө күзөт күчөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай тартип 20-октябрда киргизилген. Күчөтүлгөн күзөттүн мөөнөтү шайлоодон кийинки өлкөдөгү коомдук-саясый абалга жараша болот. Баары тынч болсо, 5-ноябрдан тарта кадимки тартипте иштөөгө өтүшөт. Кыргызстанда түрмөлөрдүн жана тергөө абактарынын жалпы саны 32. Соттун чечими менен күнөөлүү аталып, эркинен ажыратылгандар добуш берүү укугуна ээ эмес. БШКдан маалымдашкандай, тергөөдөгү жарандар добуш бере алат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. 19 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG