Тергөө абактарында кармалып, сот өкүмүн күтүп жаткан жарандар 29-октябрда убактылуу кармоочу жайларда добуш берери белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, бул күнү Кыргызстандагы беш тергөө абагында кармалып жаткан 1900дөн ашык адам добуш беришет. Соттун чечими менен кылмышкер деп табылып, эркинен ажыратылгандар добуш берүүгө акысы жок. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)