Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Түркияда зилзала курмандыктары 366га жетти


Түркиянын чукул кырдаалдар боюнча мекемесинин маалыматына караганда, Ван провинциясында күчү 7,2 баллга жеткен зилзаладан 1300дөй киши жаракат алды, 2260 имарат кыйрады.

Куткаруучулар урандылар алдында калгандарды издөөнү улантууда, бирок эми аман калгандарды табууга үмүт аз экендиги айтылууда. Үйлөрүнө кайтуудан чочулаган миңдеген адам экинчи түндү чатырлар менен машиналарда өткөрүштү.

Анткени зилзаладан кийин да майда силкинүүлөр уланды. Премьер- министр Режеп Тайып Эрдогандын кечээги билдирүүсүнө караганда, кырсыктын кесепеттери менен күрөшүүгө Түркиянын өз мүмкүнчүлүгү жетиштүү жана ал эл аралык жардамга муктаж эмес.

XS
SM
MD
LG