Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Муаммар Каддафинин сөөгү жашыруун жерге коюлду


Каддафи менен кошо анын уулу Мутассимдин жана бир кеңешчисинин сөөгү бүгүн таңда чөлдө, жашыруун жерге коюлганын убактылуу бийликтин өкүлдөрү ырасташты. Маалымат каражаттары аларга шилтеме жасап билдиришкендей, сөөк коюу диний жөрөлгө менен коштолгон.

Каддафинин сөөгү Мисурата шаарынын эт кампасынын муздаткычына элдин көрүүсү үчүн бир нече күнгө коюлган. Анын өлүмү Ливияда сегиз айга созулган жарандык согуштун аякташына алып келди.

Каддафи өткөн бейшембиде кичи мекени – Сирт шаарында кармалгандан кийин белгисиз жагдайларда мерт болгон. Эл аралык кысымга жооп кылып, Ливиянын жаңы бийликтери иликтөө жүргүзүүнү убада кылды.

Улуттук өткөөл кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалилдин билдиргенине караганда, Каддафи өлүмүнүн жагдайларын иликтөөчү комитет түзүлдү.

XS
SM
MD
LG