Таласта ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чагылдыра турган атайын жарандык журналисттер даярдалмай болду. 8 журналистти окутуп, аларга нетбуктарды беришет. Интернет аркылуу алар социалдык тармактарга чыгып, Таластагы майыптардын көйгөйлөрү жөнүндө маалымдап турушат. Башка кесиптештерин окутушат. Долбоорду Сорос-Кыргызстан фонду каржылоодо. Мындай маалымат "Келечек ХП" долбоорунан алынды. (RK)