Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Эл аралык Мунапыс Сирияны ооруканалардагы кыйноо үчүн айыптады


Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун ырастоосунда, Сириянын өкмөтү ооруканаларды президент Башар Ассаддын режимине каршы чыккандарды “репрессиялоочу аспапка” айланткан.

Бүгүн жарыяланган баяндамасында аталган уюм мамлекет карамагындагы ооруканалардын кеминде төртөөсүндө бейтаптар кыйноого, анын ичинде медициналык кызматкерлер тарабынан кыйноого кириптер болгонун белгилейт.

Эл аралык Мунапыстын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча изилдөөчүсү Силина Насер “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Саламаттыкты сактоо министрлиги, медиктерге, ооруканаларга жаракат алган адам жөнүндө бийликке билдирүүнү тапшырган. Бул жарадар адамды камалуу тобокелчилигине кептейт. Сирияда камалсаңыз, адатта кыйноого алынасыз.

Эл аралык Мунапыстын өкүлү кошумчалагандай, бийликке жан тарткан кээ бир дарыгерлер кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен жарадар болгондорго кысым көрсөтүп, кордошкон. Андыктан жаракат болгондор ооруканга барууну коопсуз деп эсептешпейт.

БУУнун эсептерине караганда, быйыл мартта президент Ассаддын режимине каршы толкундоолор башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн колунан 3000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG