Мындай макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелеринин башчылары Закир Тиленов менен Руслан Мирзаевдин Анжияндагы бүгүнкү жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу бир аз мурда “Азаттыкка” Кыргызстандын Чек ара аскерлеринин колбашчысы Закир Тиленов өзү билдирди:
- Өзбек тарап эртең, 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук-Автодорожный” өткөрмө бекетин ачмай болушту. Кыргызстандын жарандары, Өзбекстандын жарандары, үчүнчү мамлекеттин жарандары ал аркылуу ары-бери каттай алышат.
Закир Тиленов кошумчалагандай, “Достук” чек ара бекети күндүз эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштемекчи. Анжияндагы бүгүнкү жолугушууда чек арадагы кырдаал, чек ара мекемелеринин өз ара кызматташтык маселери да талкууланды.
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасындагы көзөмөлдөп өткөрүүчү бекеттердин баарын мындан бир жарым жыл мурдагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин жапкан. “Достук” чек ара бекети алардын ачылып жаткандарынын алгачкысы жана эл аралык макамга ээ. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде түзүлгөн сегиз көзөмөлдөп -өткөрүү бекети бар. (UE)