Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Тымызын тыңшоолорду жөнгө салган мыйзам каралат


Бүгүн Бишкекте тымызын тыңшоого жол берген СОРМ же Оперативдик-издөө чараларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын системасын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоор талкууланат. Быйыл май айында тыңшоолорду мыйзам аркылуу жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн болчу. Натыйжада атайын мыйзам долбоор даярдалды.

Кыргызстанда тымызын тыңшоолорго байланыштуу ар кандай күдүк ойлор тыйылбай келет.

Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитети 10-октябрда тыңшоого ылайыкташтырылган жабдуулар тууралуу жыйын куруп, анда парламенттин имаратында жана кабинеттерде шектүү зымдар бар экени айтылган. Ушундан улам тыңшоого ылайыкташтырылган шектүү зымдарды таап иликтөө боюнча атайын топ түзүлгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG