Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Обама: Каддафи ага берилген мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок


АКШ президенти Барак Обама Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи "өлкөнү демократияга буруу мүмкүндүгүн колдон чыгарган болчу" деп, анын өлүмү дүйнөдөгү диктаторлорго эскертүү болгонун белгиледи. Обама Эн-Би-Си телеканалынын Tonight Show берүүсүндө Каддафи 40 жыл бою “өлкөдө террор жүргүзүп, терроризмди колдогонун” айтты:

- Ал 40 жыл өз өлкөсүндө террорчулукту орноткон жана терроризмди колдогон адам. Анын “Араб жазы” маалында мыкчыгерлигин коюп, өлкөнү тынч жол менен демократияга өткөргөнгө мүмкүндүк болду. Ал биз берген кеңири мүмкүнчүлүктү пайдаланбады. Албетте эч бир адам кимдир бирөөнүн өмүрүн ал сыңары бүткөнүн көргүсү келбейт. Бирок бул окуя эли эбак эркин болчу дүйнөдөгү диктаторлорго катуу эскертүү болот деп ойлойм.

20-октябрда Сирт шаарында жарааттан өлгөн Каддафинин жасаты кечээ шейшемби күнү Ливияда жашыруун жайга көмүлдү.

XS
SM
MD
LG