Орус полициясы кечээ Москванын ортосунда уруксатсыз өткөрүлгөн өкмоткө каршы демонстрациянын 20дан ашуун катышуучусун камакка алды. Акция 4-декабрда болчу парламенттик шайлоо алдында айрым оппозициячыл партияларды бийликтин каттоодон өткөрбөй койгонуна байланыштуу уюштурулган.
Демонстранттар “Орусия Путинсиз” деп, ураан чакыргандан кийин аларды полиция тыя баштаган. Алар “Оппозициясыз шайлоо кылмыш” деген сыяктуу баннерлерди кармап турушту жана элге өкмөттү сындаган баракчаларды таркатышкан. Башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын тизмесин президент Дмитрий Медведев өзү баштайт. Ал президенттикке чамынып жаткан Владимир Путин экөөнүн макулдашуусуна ылайык жаңы өкмөттү жетектейт.