Бүгүн Евромейкиндиктин лидерлери карыз кризисин токтотуу планын талкуулашат. Акыркы чекити коюлчу бул планда Грекиянын карызын көбүрөөк кечүү, европалык банктардын өздүк капиталын көбөйтүү жана еврозонанын стабилдүүлүк фондун кубаттандыруу жагы да каралган.
Банкирлер Грекиянын карызынын 40 пайыздан ашыгын кечүү Европанын финансы системасын кыйратат деп кооптонушат.
Евробиримдик бүгүнкү жыйын алдында Италиядан зарыл экономикалык реформаны тездетүүнү, анын ичинде пенсия жашын чоңойтууну талап кылды. Бирок премьер-министр Силвио Берлусконинин негизги өнөктөшү - Түндүк Лигасы пенсия курагын 65тен 67 жашка көтөрүүгө каршы чыкты.