Бүгүн эртең мененки саат 8ден тарта Ош облусунда жайгашкан кыргыз-өзбек "Достук" чек ара бекети ачылды. "Азаттыктын" кабарчысы Эрнист Нурматовдун жеринен маалымдашынча, он чакты "Камаз" автомашинасы жана ондогон адамдар чек арадан өтүштү. Алардын дээрлик көпчүлүгү Өзбекстан тарапты көздөй сапар алгандар. Жергиликтүү эл арасында бул бекеттин ачылганы тууралуу маалымат жок экени айтылды.
2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достукту" жана башка 7 бекетти жаап салган. (ErN/RK)
2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достукту" жана башка 7 бекетти жаап салган. (ErN/RK)