Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Кыргызстанда аялдар арасында тукумсуздук көйгөйү күч алууда


Кыргызстанда аялдар арасында тукумсуздук көйгөйү күч алууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдыңкы адиси, акушер-гинеколог Айгүл Бообекова билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы бала төрөө курагындагы ар бир 25 аялга тукумсуздук деген диагноз коюлган. Соңку 5 жылда бул көрсөткүч жогорулаганы байкалууда. 2005-жылы төрөө курагындагы жүз миң аялдын 228и тукумсуз делген.

Адистер бул көйгөйдү мамлекет тарабынан кам көрүлбөй жатышы, аялдар өзүлөрү ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаганы менен байланыштырууда.

"Таза табигат" коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева саламаттыкты сактоо боюнча улуттук программаларга донорлор бөлгөн каражат туура эмес пайдаланылып жатат. Кыргызстан эне-баланын өлүмүн азайтуу милдетин алганы менен, иш жүзүндө бул көрсөткүч дагы эле кооптуу болуп жатканын айтты. Анын пикиринде, донорлор бул программаларга бөлүп берген акчанын көбү ар кандай семинар-конференцияларга эле кетип жатат. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG