Апрель окуясы боюнча сот жараяны качан уланаары азырынча белгисиз. Соттун убактылуу токтошу президенттик шайлоого байланышы жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Анын айтымында, 1-ноябрда Кыргызстандын Аскер соту апрель окуясы боюнча соттун төрагасына карата адвокаттардан келип түшкөн апелляциялык арызды карайт. Ага чейин сот болбойт.
10-октябрда соттолуучулардын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев судья Дамир Оңолбековду алмаштыруу керектигин айткан. 12-октябрда соттолуучулардын дагы бир адвокаты Евгений Петров соттолуучу Данияр Дунгановдун ден соолугун текшертүү керектигин айткан. Бирок судья Оңолбеков бул эки өтүнүчтү тен четке каккан. Судьянын бул чечиминин мыйзамдуулугун эми Аскер сотунун кылмыш иштер жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясы карайт.
Апрель окуясы боюнча сотто 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте 90го жакын адамдын өлтүрүлүшу боюнча 28 адам соттолууда. Алардын көбү мурдагы бийлик башындагылар. (RK)