Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

27-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
Октябрдын 28-нен 30-на чейин Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: жамгыр жаап, өрөөндүү райондордо карга айланат, тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Батыштан соккон шамал 15-20 м/с чейин катуулайт. Күндүз абанын температурасы өрөөндүү райондордо 1...6 нөлдөн жогоруга чейин төмөндөйт. Аба ырайынын мындай өзгөрүлүшү айыл-чарба өсүмдүктөрдүн өсүүсүн токтотот, кант кызылчасын жыйноодо тоскоол болот, автотранспорт, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарынын ишин кыйындатат.

Аба ырайы
27-октябрда Кыргызстандын аймагында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Талас облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз 12...17,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6 градус, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 12...17.
Тоолордо түнкүсүн 12-17 градус суук, ал эми күндүз -4...+1 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 16...18 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG