Шайлоочуларга белги коюу үчүн боектор шайлоого эки күн калганда участокторго жеткирилет. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында маалым болду. Кабарчыбыздын билдиришинче, 30-октябрда көзгө көрүнгөн кочкул түстүү боек шайлоочулардын колунун баш бармагына коюлат. Бул боек 7-10 күнгө чейин өчпөйт. Эгерде шайлоонун экинчи айлампасы болсо, боек сөөмөйгө коюлат. Шайлоочулардын жалпы саны үч жарым миллиондон ашты. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Ат салышууну улантып жаткан талапкерлердин саны 18. (KKs/RK)