Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Жер титирөөдөн жабыркаган Түркия дүйнө өлкөлөрүнөн жардам күтүп жатат


Зилзаланын очогу Ванга жакын жайгашкан Эржиш шаарында катталган, 26-октябрь, 2011
Зилзаланын очогу Ванга жакын жайгашкан Эржиш шаарында катталган, 26-октябрь, 2011
Жекшембидеги катуу жер титирөөдөн кийин расмий Анкара алгач сырттан колдоого муктаж эмес экенин билдирген эле. Өкмөт 30дай өлкөгө жардам сурап кайрылды. Алардын ичинде Түркия узактан бери дипломатиялык араздашууда жүргөн Израил да бар.

Мамлекеттин чыгышындагы Ван аймагында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөөдөн, акыркы маалыматка караганда, кеминде 459 адам набыт болду. 2000ден ашуун имарат кыйрап калган. Куткаруучулар урандылар астынан адамдарды издөөнү дале уланып жатышат. Бирок тирүү адамдар табылаарына ишеним жоголуп баратканы айтылууда. Зизаланын очогу катталган Эржиш шаарындагы урандылардын астынан бүгүн 18 жаштагы өспүрүм баланы табышты. Жер дагы бир жолу тербенгендиктен Ван шаарындагы түрмөдөгүлөр бүгүн аларды башка жакка которууну талап кылып, жаңжал салышты.

XS
SM
MD
LG