Анда толук метраждуу тасмалар ичинде өзбекстандык режиссер Зулфикар Мусаковдун “Коргошун” деген фильми баш-байгени алды. Кыска метраждуу тасмалардан ирандык режиссер Шахрам Мокринин “Чийки. Бышты. Күйүп кетти” деген 13 мүнөттүк фильми “эң мыкты” деп аталды.
Кинофорум кечээ кечинде аяктаганын “Азаттыкка” ушул фестивалга катышкан кыргызстандык киносынчы Гүлбара Төлөмүшева кабарлады. Жогоруда аталган номинациялардан сырткары, быйыл алгачкы жолу өткөн кинофорумда “Мыкты анимация”, “Мыкты актер жана актрисанын” ысымдары да белгилүү болду.
“Алтын гепард” Ташкен кинофорумунда кыска метраждуу тасмалар номинациясында кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кумурсканын бору” деген фильми да катышкан болчу.