Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Кыргызстанда жумушсуздук төмөндөй элек


Кыргызстанда жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырганда ошол эле бойдон сакталууда. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинен билдиришти. Жумушсуздуктун деңгээли учурда эмгекке жарамдуулардын жалпы санына карата 8,4% болууда. Экономикалык жактан активдүү делген калктын саны - 2 миллион 420 миң адам. Алардын дээрлик 90 пайызы жумуш менен камсыз болушкан. Жумушсуз жүргөндөрдүн саны 204 миң адам экени расмий айтылууда. Жумушсуздуктун айынан көптөгөн кыргызстандыктар, айрыкча элеттин жаштары чет мамлекеттерге чыгып кетишүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG