Нарынга келген Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков Борбор Азия универстетинин алдындагы Үзгүлтүксүз жана кесиптик билим берүү мектебинин иши менен таанышуу учурунда бир дагы аудиторияда мамлекеттик символикалар тагылбаганына сын айтты. Аймактык кабарчыбыз Эркингүл Бокоеванын билдиришинче, парламент төрагасы Нарын шаарынын батыш тарабында 250 гектар жерге салына турган Борбор Азия университетинин кампусунун курулуш орду менен таанышты. Бул жер 2000-жылы университеттин кампусун салуу үчүн берилген. (ErB)