Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Зилзаладан жабыркаган Түркияга Кыргызстан гумжардам жиберет


“Түркияга 1 млн.сом жиберүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин демилгесин өкмөт-башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов колдоду”, - деп кабарлады “Азаттыкка” министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов. Анын айтымында, зарыл болсо, Кыргызстан куткаруу иштерине 20 адисти жибергенге даяр.

Бүгүн Түркия дүйнө өлкөлөрүнөн жардам күтүп жатканын билдирген. Жекшембидеги катуу жер титирөөдөн кийин расмий Анкара алгач сырттан колдоого муктаж эмес экенин билдирген болчу. Бирок өкмөт кийинчерээк 30дай өлкөгө жардам сурап кайрылганын билдирди. Алардын ичинде Түркия узактан бери дипломатиялык араздашууда жүргөн Израил да бар.

Мамлекеттин чыгышындагы Ван аймагында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөөдөн, акыркы маалыматка караганда, кеминде 459 адам набыт болду. 2000ден ашуун имарат кыйрап калган. Куткаруучулар урандылар астынан адамдарды издөөнү дале уланып жатышат. (TD)

XS
SM
MD
LG