Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Казакстанда оппозициялык телеканалдын журналисттерин сабап кетишти


Stan.TV телекомпаниясынан кабарлашкандай, журналист Оркен Бисенов менен оператор Асан Амиловду Актау шаарына бараткан жеринен белгисиз төрт киши сабап, колундагы ноутбугун тартып алышкан. Аларда травматикалык тапанча жана бейсбол таяктары болгону айтылды. Бийликтер окуяны ырасташты жана ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Журналисттер өздөрү Актауда жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылып, жарым жылдай мурда иш таштаган миңдеген мунайчылардын абалын билгенге баратышкан.

XS
SM
MD
LG