Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

АКШ Тегеранда "виртуалдык элчикана" ачат


Кошмо Штаттар жыл аягында Иранда “виртуалдык элчилик” ачат. Бул жөнүндө Мамкатчы Хиллари Клинтон кечээ “Америка добушу” радиосуна берген интервьюда айтты:

- Биздин (Иран менен) дипломаттык мамилебиз жок экенине карабай, Тегеранда виртуалдык элчикана ачканы жатканыбызды мен жарыяламакчымын. Вебсайт жыл соңунда ачылат. Биз өзгөчө студенттер менен байланышып, алардын Кошмо Штаттарга окууга келгенин колдойбуз. Биз адамдарды өз ара алмашуу аркылуу эки жактуу мамилени өнүктүрмөкчүбүз. Менимче, Америка эли менен Иран элинин мамилеси 21 кылым үчүн абдан маанилүү.

Мамкатчы Клинтон АКШнын Иранга каршы санкциясын жактап, ырасмий Тегерандын Вашингтондогу Сауд Арабия элчисине каршы кутумга байланыштуу Кошмо Штаттарда кылмыш иши ачылганын эске салды.

XS
SM
MD
LG