Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Жаштар аймактар аралык бөлүнүүгө жол бербөөгө чакырат


Бүгүн Бишкекте Ала-Тоо аянтында “Кебел” жаштар клубу шайлоо алдындагы саясий кырдаалды, аймактык бөлүнүү коркунучун чагылдырган оюн көрсөтүшөт. Бул иш-чараны аталган клуб “Бийликти жаңылантуу” деп аталган кампаниянын алкагында уюштуруп жатат.

“Кебел” 30 миңден ашуун кол топтоп, өлкө эгемен болгон 20 жылдын ичинде Кыргызстанды азыркыдай абалга кептеген саясатчылардын тизмесин түзүп, аларды мыйзамдуу жолдор менен жазалоону сунуштап жатат.

Жаштардын бул кыймылы 2009-жылдын башында тышкы карызы чоң жакыр өлкөлөрдүн Хипик программасына Кыргызстандын киришине каршы чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG