Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Келдибеков "Максим Бакиевдин каткан байлыгы" боюнча маалымат берди


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүн парламенттин жыйынында "25-кадр" жабык акционердик коомуна тиешеси бар компаниялардын тизмесин ачыктады. Келдибековдун айтымында, буга чейин бул маалымат эч жерде жарыяланган эмес. "Бешинчи каналды" парламенттик каналга айландыруу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин гана бул тизмени Мамлекеттик мүлк министрлигинен алууга мүмкүн болгон.

"25-кадрдын ичинде 7 компания бар экен: "Бешинчи канал" катышкан ОсОО "Глобал медиа", ОсОО "Комсвязь" - 90% акция, ОсОО "Голден медиа" 100% акция, ОсОО "Информ комюникейшн" - 40% акция, ОсОО "Элкат" - 25% акция, "Кыргызкредитбанктын" акциясы 10 миллионго, "Ысыккөлинвестбанктын" акциясы 8%", - деди Ахматбек Келдибеков.

Анын пикиринде, "Бешинчи канал" боюнча сөз эркиндигин коргогондор - "Максимдин каткан байлыгын коргогондор".

Президенттин каршы пикирине карабай парламент "Бешинчи каналды" парламенттик каналга айландыруу боюнча мыйзамды кабыл алган.Бул чечимге каршы ойлор айтылып келүүдө. Аталган телекомпания былтыркы апрель окуяларынан кийин мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык иштерине аралашкан деген негизде улутташтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG