Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

БШК: Бүгүнтөн тарта талапкерлер шайлоодон баш тартууга укугу жок


Бүгүнтөн тарта президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер шайлоодон баш тартууга укугу жок. Бул тууралуу бүгүн Боршайкомдун жыйынында айтылды. Шайлоо жарыяланган күндөн баштап 80ден ашуун адам БШКга арызын берген. Алардын 24ү расмий каттоодон өткөн. Бүгүнкү жыйында Алмамбет Матубраимов, Жумабек Токтогазиев жана Роман Оморовдун арыздары каралып, алардын өз каалоосу боюнча талапкерлиги алынып салынды. Калган талапкерлердин саны - 16. Шайлоо 30-октябрда болот. Шайлоо бюллетенине 23 талапкердин аты-жөнү кирип калган. Баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү эми ар бир бюллетенден кол менен сызылып чыгат. Тизмеге кирген шайлоочулардын саны 3 миллиондон ашты. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG