Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:20

Жалал-Абад милициясы күнү-түнү күзөттө


Жалал-Абад облусунун аймагында 20-октябрдан бери беш жүздөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Андан тышкары милициенерлерден куралган 12 ыкчам топ Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын кызматкерлеринин коштоосу менен түнкүсүн шаар көчөлөрү менен район борборлорун кыдырып, коомдук коопсуздукка көз салып жүрүшөт. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаевден 27-октябрда алынды. Анын билдирүүсү боюнча бүгүн саат 17де облустагы тартип кызматкерлери облустун борбордук аянтына жыйналат. Ал жерде президенттик шайлоо күнү коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо боюнча ички иштер министринин орунбасары өз кеп-кеңешин берет. Андан кийин район-шаарлардан келген милиция иштеген жерлерине кайтып кетишет. (YA)

XS
SM
MD
LG