Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоор башталды


Кыргызстанда кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоор ишке аша баштады. Ал беш жылга эсептелген. Каржылоону АКШ өкмөтү жүргүзөт. Долбоорду Нидерланддар королдугунун кургак учукка каршы фонду ишке ашырат. Негизинен түрмөлөрдөгү кургак учуктун абалы көзөмөлгө алынат. Дарылоо, дартты аныктоо шарттары жакшыртылат.

Кыргызстанда кургак учук боюнча абал бир кыйла жеңилдеп калганын “Азаттыкка” Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчи орун басары Мырзакан Иманалиев 24-октябрда билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, соңку 15 жылдын ичинде кургак учукка чалдыккан адамдардын саны жылына 8 миндин тегерегинде катталып келсе, азыр 5,5 миңге жакын адам бул оору менен катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG